Blog Image

КМУда немис полиглоту Эмиль Кребстин урматына арналган көргөзмө өттү

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Немис тили кафедрасы немис полиглоту, дипломаты жана котормочусу Эмиль Кребстин урматына арналган көргөзмө уюштурду. Көргөзмөгө окуу жайдын студенттери активдүү катышып, Эмиль Кребс тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышты. Бул иш-чаранын максаты көрүнүктүү тилчи, окумуштуунун эмгегин даңазалоо, ошондой эле биримдиктин жана достуктун символу болгон тил тууралуу ой-пикирлерди жайылтуу болуп саналат.

Эмиль Кребс дүйнөдөгү уникалдуу 68 тилде эркин сүйлөгөн, 111 тилди түшүнгөн котормочу катары белгилүү инсан болгон.