Blog Image

КМУда «New year ball 2024» аталышындагы жаңы жылдык кече өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда «New year ball 2024» аталышындагы жаңы жылдык кече өттү. Иш-чара аталган институттун студенттик парламенти тарабынан уюштурулган. Кечеде университеттеги маданий, спорт иш-чараларына активдүү катышкан студенттерге институттун ыраазычылык каты тапшырылды. Ошондой эле чакан концерттик программа тартууланып, иш-чара ыр, бий, оюндар менен коштолду. Концерт жолугушуу, тажрыйба алмашуу жана катышуучулардын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган.