Blog Image

Профессор Г.Джунусова «Нейрофизиологиянын негиздери» боюнча конок-лекция өттү

Бүгүн, 25-октябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КРнын УИАнын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун директору, профессор Гүлнара Джунусова “Нейрофизиологиянын негиздери” аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекциянын жүрүшүндө нейрофизиологиянын негизги түшүнүктөрү, мээнин жана нерв системасынын иштөө механизмдери жана мээдеги физиологиялык процесстердин ден соолукка тийгизген таасири жөнүндө маалымат берилди.

Иш-чара Кыргыз мамлекеттик университетинин Медицина факультети тарабынан уюштурулду.