Blog Image

КМУда Нооруз майрамына карата колго жасалган эмгектердин көргөзмөсү өттү

Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата "Улустун улуу күнү" аталышында иш-чара өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттукнарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу жайдын курам жетекчилери, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк ачуу аземи жана улуттук оюндар - аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Нооруз майрамына арналган Искусство жана дизайн факультетинин жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери жана бүтурүүчүлөрү тарабынан даярдалган “Улустун улуу майрамы” колго жасалган баалуу эмгектеринин көргөзмөсү менен ИДФтин ага окутуучусу Лайли Амираева тааныштырды.