Blog Image

КМУда Нооруз майрамына арналган “Улустун улуу майрамы” аталышында маданий иш-чара өттү

Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата "Улустун улуу күнү" аталышында иш-чара өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттукнарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу жайдын курам жетекчилери, профессордук окутуучулар курамы жана студенттери катышууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк ачуу аземи жана улуттук оюндар - аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Нооруз майрамына арналган Искусство жана дизайн факультетинин жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин студенттери жана бүтурүүчүлөрү тарабынан даярдалган “Улустун улуу майрамы” колго жасалган баалуу эмгектеринин көргөзмөсү менен ИДФтин ага окутуучусу Лайли Амираева тааныштырды.

КМУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан студенттердин катышуусунда даярдалган “Улустун улуу күнү” сахналаштырган чыгармасы тартууланды.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева улуттук кийимдер сынагынын жана спорт оюндарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылып, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80-жылдык мааракесине карата жарыяланган сынактын жеңүүчүсү, логотиптин автору Искусство жана дизайн факультетинин окутуучусу Намазбек Чекиров планшет менен сыйланды.

Майрамдык иш-чаранын негизги максаты – улуттук маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды жаңыртуу жана студенттер арасында патриоттук сезимдерди чыңдоо.