КМУда Нооруз майрамына карата "Улустун улуу күнү" аталышында иш-чара өтүүдө
Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата "Улустун улуу күнү" аталышында иш-чара өтүүдө.
Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, профессордук окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк ачуу аземи жана улуттук оюндар - аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлүүдө.
Майрамдык иш-чаранын негизги максаты – улуттук маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды жаңыртуу жана студенттер арасында патриоттук сезимдерди чыңдоо.