Blog Image

КМУда Нооруз майрамына карата “Улустун улуу күнү” аталышында иш-чара өттү

20-март күнү И. Арабаев атындагы КМУда КРнын Президентинин “Улуттук нарк  жөнүндө” Жарлыгынын алкагында “Улустун улуу күнү” аталышында маданий-гуманитардык жана спортту өнүктүрүү ишмердигин жайылтууга багытталган иш-чара өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө, Нооруз майрамынын символу болгон сүмөлөктү даамдап ооз тийүү аземи болду. Андан соң, “Көктөм” аталышында сүрөт көзгөзмөсүнүн ачылышы өтүп, улуттук оюндар боюнча курамдар аралык мелдештер уюштурулду. Анда, аркан тартыш, ордо, кол күрөш кызыктуу оюндар ойнолду. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө, университеттин профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

“Улустун улуу күнү” аталышындагы иш-чара Нооруз майрамынын негизги ашы болгон Сүмөлөктү катышуучуларга таратуу менен жыйынтыкталды.