Blog Image

КМУда Нооруз майрамына карата улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлдү

Бүгүн, 20-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Нооруз майрамына карата "Улустун улуу күнү" аталышында иш-чара өттү.  

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттукнарк жөнүндө” Жарлыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окуу жайдын курам жетекчилери, профессордук окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын алкагында улуттук оюндар - аркан тартыш, кыргыз күрөш, ордо, кол күрөш боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө КМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы Назар Догдурбек акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдык иш-чаранын негизги максаты – улуттук маданиятты өнүктүрүү, салт-санааларды жаңыртуу жана студенттер арасында патриоттук сезимдерди чыңдоо.