Blog Image

КМУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү 

30-январда И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин №5 отуруму болуп өттү. Анда, Экономика жана менеджмент институтунун директору Калыбек Абдыкадыров Экономика жана менеджмент институтунда окуу, окуу-методикалык, илимий, тарбия иштеринин жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы тууралуу отчет берди. Ал эми Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев Табигый илимдер жана туризм институтунун учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары боюнча отчет берди.
Ошондой эле Окумуштуулар кеңешинин отурумунда университеттин чарба иштери, талапкерлерди сыйлыктарга сунуштоо жана талкуулоо, кандидаттык, докторлук диссертациялардын темаларын жана илимий жетекчилерин кайра бекитүү тууралуу маселелер каралды.