Blog Image

КМУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 1-ноябрь күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Окумуштуулар кеңешинин №2 отуруму өтүүдө.

Окумуштуулар кеңешинин күн тартибинде И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы 2024–2025-окуу жылында мамлекеттик тилди, жаштар саясатын жана спортту өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча отчёт берди.

Ошондой эле, КМУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Кадырбек Ачекеев 2025–2026-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу процессиндеги жаңылыктар, электрондук система аркылуу каттоо жана абитуриенттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча маалымат беруудө.

Позвонить