Blog Image

КМУда Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун кезектеги Окумуштуулар кеңешине Бишкек шаарындагы №93, 85, 54, 30-орто мектептеринин өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү кафедрасынын кызматкерлери катышты. Жыйында жумуш берүүчүлөр менен университеттин бүтүрүүчүлөрүнө болгон талаптар, учурдагы актуалдуу маселелер, билим берүүнүн стандарты, окуу пландары жана педагогикалык практиканын өткөрүү жолдору талкууланды.