КМУда Окумуштуулар кеңешинин отуруму өттү
Бүгүн, 28-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин отуруму өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун ректору Айгүл Абдраева КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин деканы Кадыралы Артыковго Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын чечиминин негизинде “Искусство таануу” адистиги боюнча “Профессор” окумуштуулук наамын тапшырды.
Ошондой эле, КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбековага филология илимдеринин кандидаты илимий даражасын, КМУнун Орус филологиясы факультетинин Орус тили жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын башчысы Гүлмира Тагаевага педагогика илимдеринин доктору илимий даражасын, тапшырды.
Сиздерди чын жүрөктөн куттуктап, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!