КМУда "Окумуштуулардын жарыялоо активдүүлүгү жана дүйнөлүк маалыматтык ресурстарына жетүү" темасында илимий-методикалык семинар башталды
Бүгүн, 1-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окумуштуулар, аспиранттар, магистранттар, угуучулар үчүн "Окумуштуулардын жарыялоо активдүүлүгү жана дүйнөлүк маалыматтык ресурстарына жетүү" темасында илимий-методикалык семинар башталды.
Семинарды КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева ачып, катышуучуларга илимий эмгектерин жарыялоодо заманбап маалыматтык ресурстарды активдүү колдонууга чакырды.
Аталган иш-чара 1-4-апрель күндөрү өз ишин алып барат.
Иш-чара Илим жана инновациялар департаменти, илимий китепкана жана М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.