Blog Image

КМУда окутуучулар үчүн "Келечектеги мугалимдердин инклюзивдик маданиятын калыптандыруунун медиа билим берүү концепциясы" темасында мастер-класс өттү

И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунда окутуучулар үчүн "Келечектеги мугалимдердин инклюзивдик маданиятын калыптандыруунун медиа билим берүү концепциясы" темасында мастер-класс өттү. Мастер-классты педагогика илимдеринин кандидаты, Москва шаардык педагогикалык университетинин психология жана комплекстүү реабилитация институтунун доценти Надия Тюрина өткөрдү.

Иш-чара Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы тарабынан уюштурулган.