Blog Image

КМУда"Окутуучунун кеп техникасы" аталышында тренинг өттү

КМУда "Окутуучунун кеп техникасы" аталышында тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Окутуучунун кеп техникасы" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага филология илимдеринин кандидаты Айнура Кабатай кызы жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Тренингдин максаты:  Окутуу процессинде кеп техникасын колдонуу, окутуучунун коомдук байланыштагы ролу жана сабакта эффективдүү байланыш түзүү, окуу процессинде активдүү диалогду түзүү жана колдоо көрсөтүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө сабак берүүдө кеп техникасын колдонуу боюнча практикалык машыгуулар жана талкуулар болду.
Бул иш-чара окутуучулардын сабак берүү чеберчилигин жакшыртууга жана окуу процессин жандандырууга шарт түзөт.