КМУда "Окутуучуларга методикалык жардам: студенттерге сабак өтүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр" аталышында тренинг өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессор Миргүл Эсенгулова, ага окутуучу Айгуль Бузурманкулова жана ага окутуучу Эльмира Турсунова "Окутуучуларга методикалык жардам: студенттерге сабак өтүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр" аталышында тренинг өттү.
Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Тренингдин максаты: окутуучуларга студенттерге сабак өтүүдө жаңы методикалык ыкмаларды жана технологияларды үйрөтүү, жаңы билим берүү технологияларынын жана инструменттеринин пайдалуу жактарын түшүндүрүү жана окутуу процессиндеги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана практикаларды талкуулоо.
Бул иш-чара профессордук-окутуучулар курамына билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн заманбап педагогикалык ыкмаларды жана стратегияларды үйрөнүүгө шарт түзөт.
Иш-чара Кесиптик баалоо тобу тарабынан уюштурулган.