КМУда окутуунун альтернативдик жолдорун өнүктүрүү маселелери боюнча семинар-тренинг башталды
Бүгүн, 13-ноябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Улуттук квалификация алкактары окутуунун альтернативдик жолдорун өнүктүрүүнүн негизи жана кесиптик билим берүүнүн сапатын ички жана тышкы камсыздоонун системалары жана механизмдери” аталышында 6 күндүк семинар-тренинг башталды. Иш-чара КМУнун алдында түзүлгөн көз карандысыз Билим берүү программаларын аккредитациялоо, лицензиялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Г.Р. Дүйшебаева, департаменттин кызматкерлери К.С. Кыдыкбаева жана Эдил Амантур уулу тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышууда.
Семинар-тренингдин негизги максаты: билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү, окутуунун альтернативдик жолдорун өнүктүрүү, Улуттук квалификация системасын чыңдоо жана кесиптик билим берүүнүн негизги процессин баалоо боюнча көндүмдөрдү калыптандыруу.
Семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча заманбап концепциялар жана методологиялар менен таанышып, негизги жана көмөкчү процесстерди аныктоодо зарыл болгон практикалык көндүмдөргө ээ болушат.