КМУда “Окутуунун сапатын жогорулатууда инновациялык билим берүү моделдерин колдонуу технологиялары” аталышында семинар өтүүдө
24-27-июнь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин курам жетекчилери жана профессордук-окутуучулар курамы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында “Окутуунун сапатын жогорулатууда инновациялык билим берүү моделдерин колдонуу технологиялары” аталышындагы семинарга катышат.
Бул күндөрү тренерлер катышуучулар үчүн төмөнкү семинарларды өткөрөт:
- “Лидерликтин архитектурасы: башкарууга жол көрсөтүү”- ББПАЛжСМД начальниги Г.Р.Дуйшебаева, ККББИ ИТжКЖ борборунун башчысы С.К.Оморов;
- “Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү” методикасынын азыркы билим берүү системасындагы орду – п.и.к., проф.м.а., педагогика кафедрасынын башчысы М.М.Эсенгулова;
- “Билим берүүдөгү санарип трансформация: жасалма интеллектти колдонуу” – Маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Ж.К.Мокешов, ГПК ага окутуучусу Г.Токтогулова.