Blog Image

КМУда "Окутуунун сапатын жогорулатууда заманбап технологияларды колдонуу: жасалма интеллект" аталышында тренинг өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучулар Айнур Каныбекова жана Назгүл Масалиева "Окутуунун сапатын жогорулатууда заманбап технологияларды колдонуу: жасалма интеллект" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма интеллект жана анын билим берүүдө колдонулушу, жасалма интеллекттин окутуу процессиндеги ролу жана ал технологияларды студенттерди окутууда кандайча пайдалануу, заманбап билим берүү платформалары, технологиялардын билим берүү процессиндеги таасири жана студенттердин билим алуу сапатын жогорулатуу үчүн жасалма интеллект жана башка технологияларды кандайча колдонууга боло тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Тренингдин негизги максаты: жасалма интеллектти жана заманбап технологияларды билим берүү процессинде колдонуу аркылуу окуу сапатын жакшыртуу жана жаңы технологиялардын таасирин түшүндүрүү.

Бул иш-чара окутуучуларга заманбап технологияларды өз иштеринде колдонууга жардам берип, билим берүү процессин жандандырууга жана сапатын жогорулатууга салым кошот.