Blog Image

КМУда окуу-усулдук кеңешменин жыйыны өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу-усулдук кеңешменин жыйыны өттү.

Иш-чарага КМУнун окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, Кыргыз мамлекеттик университетинде билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин начальниги Гүлзада Дүйшебаева, Билим берүү программаларын лицензиялоо, аккредитациялоо жана сапатына мониторинг жүргүзүү департаментинин башкы адиси Кенже Кыдыкбаева, профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Жыйындын жүрүшүндө окуу-усулдук иштер боюнча баяндамалар жасалды. Иш-чара окуу программаларын сапаттуу жүргүзүү жана билим берүүнүн заманбап талаптарына ылайык өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Позвонить