Blog Image

КМУда “Онкологиялык оорулар менен күрөшүүдө балдарга кол сунуңуз!” акциясы өттү

Бүгүн, 18-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бишкек жана Ош шаарларында онкология ооруларына чалдыккан балдарды колдоо максатында “Онкологиялык оорулар менен күрөшүүдө балдарга кол сунуңуз!” акциясы өттү.

Акциянын жүрүшүндө банан, көк алма, күрүч, гречка, рожки, май, чай, кум шекер, туз, ж.о.э. самын, кир жуучу каражаттар жыйналды.

Бул чогултулган каражаттар толугу менен Бишкек жана Ош шаарларында онкологиялык ооруканаларда эмделип жаткан балдарга жеткирилип берилет.

“Онкологиялык оорулар менен күрөшүүдө балдарга кол сунуңуз!” акциясы Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.