КМУда “ORCID системасынын илимий коомчулуктагы ролу” аталышында семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ORCID долбоорунун Кыргызстандагы координатору, бизнесадминистрациялоо доктору Гульнара Жунушалиева “ORCID системасынын илимий коомчулуктагы ролу” аталышында семинар өттү.
Иш-чара илим жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ORCID системасынын принциптери, илимий макалаларды каттоо жана идентификациялоо жолдору, академиялык изилдөөлөрдө системанын артыкчылыктары тууралуу маалымат берилди.
    


