Blog Image

КМУда “Орто Азия мамлекеттеринин соңку жаңы тарыхы” аталышында конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Казакстандын Түштүк-Казахстан педагогикалык университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Бекмурат Найманбаев “Орто Азия мамлекеттеринин соңку жаңы тарыхы” аталышында конок-лекция өттү. Иш-чарага Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө региондун тарыхы, маданияты жана 1924-жылдагы Орто Азия мамлекеттеринин аймактык бөлүнүшү тууралуу маалымат берилди.