КМУда "Орто кылымдардагы шаардык архитектуранын өнүгүшү" аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун ага окутуучусу Галина Попова "Орто кылымдардагы шаардык архитектуранын өнүгүшү" аталышында иш-чара өткөрдү.
Иш-чара тарых жумалыгынын алкагында уюштурулуп, Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө орто кылымдардагы шаарлардагы курулуштардын пландалганы, коомдук түзүлүштөгү архитектуралык өзгөрүүлөр жана аларга таасир эткен факторлор тууралуу кызыктуу маалыматтар берилди.
Жумалык тарыхый билимди тереңдетүү жана студенттердин кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлүүдө.
Иш-чара КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.