КМУда "Орус тили сабагында оюн технологиялары" аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Светлана Прибылых "Орус тили сабагында оюн технологиялары" аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чарага Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө орус тили сабактарында колдонулуучу кызыктуу оюн технологиялары, оюн технологияларынын билим алуудагы мааниси жана сабактарда ийгиликтүү колдонуу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, студенттер практикалык мисалдарды көрүштү. Конок-лекцияда студенттерге жаңы билимдерди тереңдетүүгө шарт түзүлдү.