Blog Image

КМУда "Орус тилин жана адабиятын окутуудагы чыгармачылык: теориядан практикага" аталышында иш-чара өттү

26-март күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Орус филологиясы факультетинде "Евразия" фондунун колдоосу менен жана М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн "Орус тилин жана адабиятын окутуудагы чыгармачылык: теориядан практикага" аталышында иш-чара өттү.

Чыгармачыл өнөркананын ишине И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору, т.и.к., проф.м.а. Зайниев Р.А. катышты.

Иш-чаранын максаты: орус тили жана адабияты мугалимдеринин методикалык деңгээлин жогорулатуу, магистранттардын жана жогорку курстун студенттеринин кесиптик компетенцияларын калыптандыруу.

Иш-чаранын жүрүшүндө угуучулар орус тили жана адабиятын окутуунун алдыңкы технологиялары менен таанышты.

Иш-чарага "Евразия Кей Джи" коомдук фондунун долбоордук менеджери Т.У.Камчыбеков, М.К.Аммосов атындагы ТЧФУнун кыргыз борборунун жетекчиси Д.У.Сапалова, ЖОЖдордун окутуучулары жана мектеп мугалимдери катышты.