Blog Image

КМУда “Освенцимдин мисалында согуш туткундарынын абалы” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 25-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Улуу Жеӊиштин 80 жылдыгына карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Үпөл Атамбаева “Освенцимдин мисалында согуш туткундарынын абалы” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Конок-лекциянын жүрүшүндө Освенцим концлагеринин тарыхый мааниси, адамзатка каршы кылмыштар, окуялардын кайра кайталанбашы үчүн тарыхтан сабак алуунун маанилүүлүгү тууралуу маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулду.