КМУда «Патриотизм – азыркы студент жаштардын жарандык иденттүүлүгү үчүн негиз» темасында конок-лекция өттү
24-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Кыргыз-Кытай факультетинде Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган «Патриотизм – азыркы студент жаштардын жарандык иденттүүлүгү үчүн негиз» темасында конок-лекция өттү. Патриотизм коомдук көрүнүш катары ар бир адамда өнүгүсу негизги максат. Бүгүнкү күндө жаштарды башка улуттарга болгон толеранттуулук жана сый-урмат аркылуу гана эмес, өз мамлекетин коргоого тарбиялоо керек. Конок-лекцияны КР Куралдуу Күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунун улук оукутуучусу, полковник Мирлан Шамуратов өттү.
Конок-лекция Ш.Кадырова атындагы ДТЭМИнин ага окутуучусу Алина Кытыкенова тарабынан уюштурулду.