Blog Image

КМУда "Педагогика - тарбиялоонун искусствосу" аталышында иш-чара өттү

14-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин бир жумалык психология жана педагогика предметтери боюнча декаданын төртүнчү күнү өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева жана КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Максатбек Толоев катышты. Анда "Педагогика - тарбиялоонун искусствосу" аталышында  командалык мелдеш уюштурулган. Аталган мелдештин максаты келечек муундарды элибиздин рухий байлыктарына, адеп-ахлактын нормаларына жана инсандын сапаттуу өзгөчөлүктөрүнө калыптандыруу болуп саналат.