КМУда "Педагогикалык чеберчилик" аталышында семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эл аралык коуч-тренер Элмира Турсунова "Педагогикалык чеберчилик" аталышында семинар өттү.
Иш-чарага Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун жаш окутуучулары катышып, педагогикалык чеберчилик боюнча маалымат алышты. Семинардын жүрүшүндө Элмира Турсунова окутуучулар сабакты эффективдүү өткөрүү үчүн зарыл болгон билимдер жана көндүмдөр тууралуу маалымат берди.
Иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.