КМУда педагогикалык олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөн педагогикалык олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Искусство жана дизайн факультетинин деканынын орун басары Айзат Мамытова, доцент Эркин Токсонбаева, ага окутуучу Лайликан Амираева, ага методист Мээрим Жекшенова катышты.
Педагогикалык олимпиаданын алкагында студенттер тарбиялык саат өтүп, алардын ишмердүүлүгү калыстар тобу тарабынан белгиленген критерийлердин негизинде бааланды.
Жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.
Бул иш-чара студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө, чыгармачылык жана аналитикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө шарт түздү.
Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институтунун Педагогика кафедрасы тарабынан уюштурулган.