Blog Image

КМУда “Пенсиялык камсыздоо жана социалдык фондго төлөнгөн төгүмдөр” темасында семинар өттү

26-март күнү И. Арабаев атындагы КМУда Илим жумалыгы-декадасына ылайык Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билимдер институтунда “Социалдык иш” жана “Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу” багыттарынын студенттерине жана окутуучуларына “Пенсиялык камсыздоо жана социалдык фондго төлөгөн төгүмдөр” аталышында семинар өттү. Семинарга КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондунун “Окуу борбору” мекемесинин башкы адистери Атыркуль Чынтемирова  жана Асель Байсынова чакырылган. Алар студенттерге жана окутуучуларга “Пенсиялык камсыздоо жана социалдык фондго төлөгөн төгүмдөр” боюнча ар тараптуу маалымат берди. Семинардын жүрүшүндө Социалдык фонд, анын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жүргүзгөн мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик социалдык камсыздандырууну жүзөгө ашыруу, пенсия менен камсыз кылуу  тутумун өз алдынча башкаруу тууралуу маалымат беришти.  Семинардын алкагында, студенттер Социалдык фонддун кызматкерлерине суроолорду берип, жеткиликтүү жооп алышты. Жыйынтыгында, студенттер социалдык фонддун ишмердиги, анын жүргүзгөн саясаты, социалдык фонддун иштөө тартиби, мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүгү боюнча маалымат алышты.