Blog Image

КМУда пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча конок-лекция өттү

Бүгүн, 17-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун башкы адиси Атыркуль Чынтемирова «Кыргыз Республикасында пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу» аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы пенсиялык камсыздоо системасы, социалдык камсыздандыруу механизмдери жана жарандардын укуктарын коргоо чаралары жөнүндө айтылды. Ошондой эле, пенсиялык чегерүүлөр жана социалдык камсыздандыруунун мааниси тууралуу кеңири маалыматтар берилди.