КМУда “Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу” аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун башкы адиси Э.А. Оморова “Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу” аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чара укук таануу жумалыгынын алкагында уюштурулуп, Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо тутуму, пенсиялык саясат, жарандардын социалдык укуктары жана милдеттери, Социалдык фонддун ишмердүүлүгү, пенсиялык камсыздоонун негизги принциптери жана жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Иш-чара Орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.