КМУда “PhD-докторанттардын окуу процесстерин уюштуруу: структурасы, талаптары жана эффективдүү механизмдери” аталышында семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун докторантура, PhD (базалык докторантура) жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, п.и.к., доцент Гульмира Касымалиева “PhD-докторанттардын окуу процесстерин уюштуруу: структурасы, талаптары жана эффективдүү механизмдери” аталышында семинар өттү.
Иш-чара илим жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө PhD программасынын негизги этаптары, окуу процессинин структурасы, диссертация жазуунун талаптары жана илимий жетекчилик процессиндеги актуалдуу маселелер тууралуу маалыматтар берилди.




