Blog Image

КМУда PhD докторлорун даярдоо боюнча маселелерди талкулоо боюнча тегерек стол өттү

17-май күнү И.Арабаев атындагы КМУда PhD докторлорун даярдоо боюнча маселелерди талкулоо боюнча тегерек стол өттү. Тегерек столдун жүрүшүндө Билим берүү лидерлиги боюнча магистратура программасынын директору, Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматов “Диссертациялык изилдөөлөрдү жетектөө: мыкты тажрыйбаларды бөлүшүү” доклад окуду.

Ошондой эле, Назарбаев Университетинин PhD программасынын директору, профессор Мир Афзал “PhD студенттери үчүн квалификациялык жана комплекстүү сынактар”, Назарбаев Университетинин профессору Тседисо Майкл Макоелле “PhD программасынын түзүмү жана диссертация жазуу стратегиялары” жана Ала-Тоо Эл аралык университетинин Магистратура жана докторантура институтунун доценти Урмат Тыналиев “PhD студенттери үчүн кредиттик саатка талаптар” тууралуу ой бөлүштү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу, КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, ЖОЖдордун илим боюнча проректорлору, Докторантура жана аспирантура бөлүмүнүн башчылары катышты.