Blog Image

КМУда "Позитивдүү педагогика" аталышында тренинг өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ага окутуучу Сапарбек Оморов "Позитивдүү педагогика" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Тренингдин жүрүшүндө билим берүү процессинде позитивдүү көз караштарды, мотивацияны жана эмоционалдык интеллектти колдонуунун мааниси, педагогикада позитивдүү психологиянын колдонулушу, студенттердин жана окутуучулардын психологиялык жана эмоционалдык абалын жакшыртуу үчүн позитивдүү психологиянын ролу тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты: окутуучуларды позитивдүү педагогика менен тааныштырып, анын билим берүү процессиндеги пайдасын көрсөтүү, ошондой эле, билим берүүдө мотивация, өз ара урматтоо жана эмоционалдык интеллектти колдонуу боюнча практикалык кеңештерди берүү.

Бул тренинг окутуучуларга позитивдүү педагогика принциптерин иш жүзүндө колдонуу үчүн маанилүү ыкмаларды үйрөнүүгө жана студенттер менен иштөөнү натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берет.