КМУда предметтик жумалык башталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун предметтик жумалыгы башталды.
Иш-чарага Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Самат Жумалиев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын ага окутуучусу Асель Абакирова “Кыргыздын улуттук оюндары”, “Абзац, сүрөттөө, баяндоо” аталышында лекция өттү.
Лекиянын алкагында студенттер улуттук оюндар аркылуу кыргыз тилинин грамматикалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүп, кыргыз элинин маданий мурастары, улуттук оюндарынын тарыхы жана мааниси тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле, тексттер, слайддар, дидактикалык куралдар аркылуу өз ойлорун эркин билдиришти.
Иш-чара КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.