Blog Image

КМУда предметтик жумалык уланууда

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, ф.и.д. Толгонай Сыдыкова “Кыргыз тилиндеги омоним сөздөр, алардын түрлөрү” аталышында практикалык сабак өттү.

Иш-чарага МТМИнин директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев, окуу иштери боюнча орун басары, ф.и.д., профессор Аида Эгембердиева, кафедра башчылары п.и.д., профессор Райхан Абдуллаева, Нурида Касымбекова, профессордук-окутуучулар курамы, ф.и.к., доцент Динара Алтаева, ага окутуучу Күлүмкан Садыковалар катышты.

Иш-чарада студенттер кыргыз тилиндеги омонимдер, алардын түрлөрү жөнүндө терең маалыматтарды алышты, аларды "Сүрөттөр сүйлөйт" ыкмасы менен топтук иштерде далилдешти, натыйжада тема боюнча слайд даярдалып, ар бир студент өз ойлорун ортого салып, жыйынтык чыгарылды.

Иш-чара КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институту тарабынан уюштурулду.