Blog Image

КМУнун студенттери Казакстанда өткөн профессор Х. К. Оспанов атындагы «Физхимик-2024» эл аралык олимпиадага катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери Казакстандын Аль-Фараби атындагы улуттук университетинин 90 жылдыгына арналган, профессор Х. К. Оспанов атындагы «Физхимик-2024» эл аралык олимпиада катышты. Казакстанда өткөн олимпиадага  КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин, академик Е. А. Букетов атындагы Караганда университетинин жана М. Козыбаев атындагы Түндүк-Казакстан  университетинин студенттери катышты. И. Арабаев университетинин химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Ж. Сагындыков комиссия мүчөсү,  доцент Ж. Жаснакунов уюштуруучулар тобуна кошулду. Олимпиаданын жыйынтыгында, университеттин студенттери кызыктыруучу сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болду. 

www.kaznu.kz