КМУда профессор К.Добаевдин 70 жылдыгына карата “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
Бүгүн, 20-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУда педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыргызбай Дүйшөнбекович Добаевдин 70 жылдыгына карата “Заманбап педагогикалык билим берүү: маселелер, изденүүлөр, чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
ИПКнын жүрүшүндө КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Чойбеков, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору Аскарбек Иманбаев, ТалМУнун ректору Жыргалбек Шаршембиев, К.Карасаев атындагы БМУнун Илим боюнча проректору Гульнара Мурзахмедова, Эл аралык медицина университетинин ректору Елисей Син, КРнын ББИМге караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметовдор юбилярга куттуктоо сөздөрун жолдоду.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева профессор Кыргызбай Добаевдин педагогикалык ишмердүүлүгу тууралуу жана педагогика саласында кошкон салымын белгилеп өттү.
Эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, ф.и.д. Али Турдугулов “Бүгүнкү билим берүүнүн артыкчылыктары: илимий насаатчынын портретине сүртүмдөр; Абай атындагы КазУПУнун профессору, п.и.д. Розалинда Шаханова “Санариптештирүү шартында Казакстанда кесиптик билим берүү”; эмгек сиңирген мугалим, п.и.к., экспериментатор мугалим Гапыр Мадаминов “Жаңы мектеп, жаңы ой жүгүртүү: заманбап билим берүүнүн артыкчылыктары” жана п.и.д., Кыргыз ББАпрофессору Сулайман Рысбаев “Учурдагы билим берүү процессинде келип чыгуучу педагогикалык кырдаалдар, алардын себептери жана чечүү маселелери” темасында доклад окушту.