Blog Image

КМУда профессор М.Чоровдун 70 жылдыгына арналган «Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аталышында ИПК өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде педагогика илимдеринин доктору, профессор Маматкан Чоровдун 70 жылдыгына арналган «Биоартүрдүүлүк: изилдөөнүн натыйжалары, көйгөйлөрү жана перспективалары” аталышында III эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, КРнын УИАнын академиги Алтай Бөрүбаев, профессор Эсенбек Мамбетакунов, коомдук ишмер Роза Айтматова, КР нын Эл артисти Келдибек Ниязов жана башка белгилүү инсандар катышты. Конференциянын жүрүшүндө профессор Маматкан Чоровго Баткен мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Аны БатМУнун Илим жана уюштуруу иштери боюнча проректору Абиба Саматова тапшырды.