Blog Image

КМУда профессор Ө. Осмонов “Улуудан өрнөк” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 27-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда КР УИА мүчө-корреспонденти, профессор Өскөн Осмонов “Улуудан өрнөк” аталышында конок-лекция өттү.

Иш-чарага КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Өскөн Осмонов тарых илиминин өнүгүшүнө, Кыргызстан тарыхынын актуалдуу маселелерине, илимий иш жазуунун ыкмаларына кенен токтолуп, студенттердин берген суроолоруна жооп берди.

Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасы тарабынан уюштурулду.