Blog Image

КМУда профессор Р.Усубакуновдун 95 жылдыгына арналган V эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетининде профессор Ракым Усубакуновдун 95 жылдыгына арналган «Математика жана табигый илимдер: 12 жылдык билим алууга өткөрүүнүн проблемалары жана келечеги» аталышында V эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференциянын катышуучуларына И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, ф.и.д., профессор Айгул Абдраева физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Ракым Усубакуновдун ишмердүүлүгүнүн акыркы 15 жылдан ашык мезгили биздин университетте эмгектенгендигине туура келгендигине токтолду. Аны менен катар, окумуштуунун 1967-жылы Фрунзе политехникалык институтунда (азыркы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети) жогорку математика боюнча кыргыз тилинде окуу китептерин даярдап, окутууну кыргыз тилинде жүргүзүү демилгесин көтөргөндүгү үчүн кызматтан бошотулуп, В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтуна (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) доцент болуп которулгандыгын белгиледи. Ошол жылдары Р.Усубакунов жогорку окуу жайлары үчүн «Дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр» 2 томдук окуу китебин, «Математикалык анализ» 3 томдук окуу китебин, “Математика терминдеринин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү”, “Механика боюнча кыргыз-орус терминологиялык сөздүгү” ж.б. ондогон илимий-методикалык эмгектердин автору болгон.

Иш-чарага п.и.д., И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Шаршеналы Алиев, ф.-м.и.д., профессор, Б.Н.Ельцин атындагы КОСУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы Акылбек Керимбеков, п.и.к., профессордун м.а. Миргул Эсенгулова, Шолом-Алейхем атындагы Амур мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к. Руслан Баженов, КББАнын табигый илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын илимий кызматкери Асель Камчиева, КР Агартуу министрлигинин алдындагы "Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорун ишке ашыруу бөлүмунүн эксперти, ф.-м.и.к., доцент Жылдыз Артыкова катышууда.

Конференциянын жүрушүндө 60тан ашуун докладдары менен 3 секцияда Россия, Казакстан жана Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын окумуштуулары катышууда.

Иш-чара КМУнун физика-математика факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.