Blog Image

КМУда профессор Р.Усубакуновдун 95 жылдыгына арналган V эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетининде профессор Ракым Усубакуновдун 95 жылдыгына арналган «Математика жана табигый илимдер: 12 жылдык билим алууга өткөрүүнүн проблемалары жана келечеги» аталышында V эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияда пленардык докладдары менен п.и.д., профессор Шаршеналы Алиев - «Ракым агайдын окутуучулук ишмердүүлүгү жана калтырган мурастары»; ф.-м.и.д., профессор, Б.Н.Ельцин атындагы КОСУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасынын башчысы Акылбек Керимбеков - «Об одном методе решения нелинейных уравнений»; п.и.к., профессордун м.а. Миргул Эсенгулова - «Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоо шартында жогорку кесиптик билим берүү программасын жаңылоо»; Шолом-Алейхем атындагы Амур мамлекеттик университетинин доценти, п.и.к. Руслан Баженов - «Трансформация подготовки будущего учителя математики через проектную деятельность»; КББАнын табигый илимий жана математикалык билим берүү лабораториясынын илимий кызматкери Асель Камчиева - «Государственные образовательные стандарты Кыргызской Республики: динамика изменений и влияние на систему школьного образования»; КР Агартуу министрлигинин алдындагы "Секторду өнүктүрүү программасы: Мектептик билим берүүнү реформалоо" долбоорун ишке ашыруу бөлүмунүн эксперти, ф.-м.и.к., доцент Жылдыз Артыкова - «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты: мазмуну, жаңычылдыгы жана практикалык ишке ашыруу маселелери (математика предметинин мисалында)» сүйлөштү.

Конференцияда 60тан ашуун докладдары менен 3 секцияда: 1. Математика жана табигый илимдерди 12 жылдык билим берүү системасына интеграциялоонун эл аралык тажрыйбасы, көйгөйлөрү жана келечеги; 2. Математика жана табигый илимдердин өнүгүүсүндөгү актуалдуу маселелер жана алардын колдонмо аспектилери; 3. Инновациялык технологиялар жана санариптик инструменттердин илим жана билим берүүдө колдонулушу - Россия, Казакстан жана Кыргызстандын 13 жогорку окуу жайынын окумуштуулары катышты.

Шолом-Алейхем атындагы Амур мамлекеттик университетинин (Россия), Ш.Уалиханов атындагы Кокшетау университетинин (Казакстан), И.Арабаев атындагы КМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, К. Усенбеков атындагы КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институтунун, ОшМУнун, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин, Ош технологиялык университетинин, К.Карасаев атындагы БМУнун, С.Нааматов атындагы НМУнун, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, Б.Н.Ельцин атындагы КОСУнун, И.Абдраимов атындагы кыргыз авиация институтнунун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун магистранттары, ага окутуучулары, профессорлору катышты.

Иш-чарада ошондой эле эскерүүлөр жана Р.Усубакуновдун жаркын элесине арналган математика боюнча олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара КМУнун физика-математика факультетинин Математика жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.