Blog Image

КМУда профессор С.Кыдыралиев “Математиканы кызыктырып окутуу” конок-лекциясын өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору С.К.Кыдыралиев “Математиканы кызыктырып окутуу” аталышында конок-лекция өттү. Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. Лекциянын жүрүшүндө математика сабагын жогорку класстагы татаал маселелерди башталгыч класстын деңгээлине ылайыкташтыруу аркылуу кызыктуу жана жеткиликтүү кылып окутуунун ыкмалары тууралуу маалымат берилди. Лекциянын жыйынтыгында профессор С.К. Кыдыралиев Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиялары кафедрасына китептерди белекке тапшырды.

Иш-чара Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.