КМУда профессор Ш. Жапаров атындагы инновациялык мамлекеттик тил борборунун салтанаттуу ачылышы өттү
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгенинин 80 жылдыгына карата профессор Шералы Жапаров атындагы инновациялык мамлекеттик тил борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарада И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жан маданият институтунун профессору, ф.и.д. Шералы Жапаровдун өмүр жолу жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү.
Иш-чаранын ачылышында И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, ф.и.д., профессор Айгүл Абдраева профессор Шералы Жапаровдун илимий ишмердүүлүгүнө токтолуп, 1984-жылы Германияда өткөн XV Эл аралык ономастикалык конгресске катышып “Кыргыз адам аттарындагы уйкаштык” баяндамасы жана бул багыттагы эмгектери Германияда (1984, 1985), Кытайда (бир нече жолу, соңкусу 2003-жылы), Түркияда (1995) жарык көргөндүгүн айтып өттү.
Ш.Жапаров Б. Юнусалиев атындагы сыйлыгынын лауреаты, “Кыргыз тили” коомунун, И.Арабаев атындагы КМУнун “Тумар” (2002) сыйлыктарынын ээси. Профессор Шералы Жапаров өзүнүн менчигинде 30 миңдей кыргыз энчилүү адам аттарын жыйнаган. Кийинки жылдары кыргыз антропонимиясынын - “Эгиздердин энчилүү аттарынын феномени”, “Антропонимдик хиромантия” деген багыттарында да жетишкендиктери болгон.
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор Шералы Жапаров 1990-2019-жылдары И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы МТМИде кафедра башчысы, профессор кызматында иштеген.
Ш.Жапаров 1995-жылы жана 2018-жылы өзүнүн жеке китепканасындагы 3000 (үч миң) даана китебин (2 жылда берген китептердин жалпы саны) И.Арабаев атындагы КМУга белек кылып берген, кийин Ш.Жапаров атындагы окуу залы ачылган.
Шералы Жапаров КР илимине эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамынын, КР мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Аркарбек Мамытов, Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, ф.и.д. Кубат Саматов, профессор Ш.Жапаровдун жубайы, ф.и.д., проф. м.а. Толгонай Сыдыкова катышты.
Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к., проф. м.а. Райкан Абдуллаева профессор Шералы Жапаров атындагы инновациялык мамлекеттик тил борборунун мааниси жана максаты тууралуу баяндама жасады.
Иш-чаранын маданий бөлүгүндө МТМИнин 4-курсунун студенттери катышуучуларга кыргыз эл акындарынын ырларын көркөм окуду.
Иш-чаранын 2-бөлүгүндө Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев “Кыргыз тилинин орфография жана орфоэпия эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси” темасында кереге кеңеш өтүп, анда темага байланыштуу ой-пикирлер, сунуштар айтылды.
Иш-чара И. Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил бөлүмү, МТМИнин кафедралары тарабынан уюштурулду.