Blog Image

КМУда профессор Ж.Байсаловдун 75 жылдыгына арналган “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап векторлору: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышында эл аралык ИПК өтүүдө

КМУда профессор Жоомарт Байсаловдун 75 жылдыгына арналган “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап векторлору: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 15-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында университетте педагогика илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Байсаловдун 75 жылдыгына арналган “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап векторлору: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференцияга Россиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын окумуштуулары онлайн жана оффлайн форматында катышууда.

Конференциянын максаты: билим берүү чөйрөсүндө болочок мугалимдерди жана тарбиячыларды даярдоонун актуалдуу маселелерин чечүү үчүн мейкиндикти түзүү; билим берүү жана илимий коомчулук тарабынан азыркы замандын приоритеттүү маселелерин, көйгөйлөрүн жана чакырыктарын, ааламдашуу шартында заманбап билим берүү системасынын мүмкүн болуучу тенденцияларын талкуулоо; илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу жана мугалимдердин билим берүү тармагындагы инновациялык тажрыйбалар менен таанышуу; ЖОЖдордун ортосунда жана «бала бакча – мектеп – ЖОЖ – квалификацияны жогорулатуу системасы» тутумунда педагогикалык кадрларды практикага багытталган даярдоо жаатында кызматташуунун келечегин аныктоо.

Эл аралык ИПКда физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА академиги Алтай Бөрүбаев; педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов; К.Д.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетинин педагогикалык технологиялар кафедрасынын башчысы, РФнын ЖОЖ эмгек сиңирген ишмери, педагогика илимдеринин доктору, Людмила Байбородова; филология илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Сыртбай Мусаев; педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова; Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Казак УИА академиги, Россиянын билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык жогорку мектеп академиясынын академиги Алма Абылкасымова; педагогика илимдеринин доктору, профессор Дөөлөтбай Бабаев ж.б. белгилүү окумуштуулар катышууда.