Blog Image

КМУда профессор Жоомарт Байсаловдун музей-кабинети ачылды

Бүгүн, 15-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун 80 жылдыгынын алкагында университетте педагогика илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Байсаловдун 75 жылдыгына арналган “Билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап векторлору: учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференциянын катышуучулары педагогика илимдеринин доктору, профессор Жоомарт Байсаловдун илимий эмгектери, сыйлыктары, жеке баалуу буюмдары, фотосүрөттөр камтылган экспозициядан турган музей-кабинетин салтанаттуу ачылыш аземинин күбөлөрү болду.

Анда, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КР УИА мүчө-корреспонденти Эсенбек Мамбетакунов, И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, ППИнин профессордук-окутуучулук курамы, Ж.Байсаловдун туугандары, студенттер катышты.