Blog Image

КМУда профессордук-окутуучулар курамы үчүн семинар өттү

Бүгүн, 29-август күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУда профессордук-окутуучулар курамы үчүн “Позитивдүү педагогика” жана “Билим берүүдөгү жасалма интеллект: педагогдор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” аталышында семинар өттү. Иш-чарага КМУнун Окуу башкармалыгынын башчысы Равшан Зайниев жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Иш-чаранын максаты окутуучуларды заманбап билим берүү технологиялары жана педагогикадагы жаңы ыкмалар менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле, семинарда позитивдүү педагогиканын принциптери жана жасалма интеллекттин билим берүү процессиндеги ролу тууралуу сөз болду. Катышуучулар студенттердин окуу процессин жакшыртууга жана алардын билимге болгон кызыгуусун арттырууга багытталган жаңы методикалар менен таанышты. Бул иш-чара педагогдор үчүн заман талабына ылайык билим берүү процесстерине адаптацияланууга чоң мүмкүнчүлүк берет.